09:52, 30 сентября 2022, 24.kg

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту

Садыр Жапаров 29-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, алар адамзат цивилизациясынын мурасы катары дүйнөдө этноспорт жана этномаданий кыймылды өнүктүрүүгө багытталганын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо, ошондой эле эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, стабилдүүлүккө жана гүлдөп-өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү максатында дүйнөлүк аренада диалогго жана кызматташууга умтула тургандыгын ырасташты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18