12:34, 27 сентября 2022, 24.kg

Токмокто 38 миллион сомдук жер аянты Балык чарба департаментине кайтарылды

Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок — Чүй филиалы тарабынан 2001-жылда берилип, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте катталбаган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде 7,76 га жер аянттына (көлмө) мыйзамсыз ээлик кылып келгендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментине жогорудагы жер аянтына укук күбөлөндүрүүчү документтерин алуу менен мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилген.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен жогорудагы 38 миллион 800 миң сомдук 7,76 га жер аянты жеке чарба жүргүзүүчү субъектинин мыйзамсыз ээлигинен Балык чарба департаментинин карамагына кайтарылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18