09:32, 27 сентября 2022, 24.kg

Орусияда мектепте куралдуу кол салуу болуп, бир нече киши өлдү

Орусиянын Ижевск шаарындагы № 88 орто мектепте ок атылды. Удмуртия республикасынын башчысы Александр Бречалов окуу жайдын кароолчусу жана бир нече окуучу өлгөнүн кабарлады. Ок чыгарган киши окуядан кийин өзүн-өзү өлтүргөн.

Орусия Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгы ок атуудан алты адам өлүп, 20сы жабыркаганын билдирди.

Шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы жана анын ким экени аныктала элек. Азырынча ал «кара кийим кийип жүргөнү» гана белгилүү. «Baza» телеграм-каналы кол салуучу Макаров үлгүсүндөгү эки тапанчадан ок чыгарганын жазды. Ал нацистик символика тартылган футболка кийип келгени айтылууда. «112» телеканалы 10 киши өлгөнүн, арасында беш бала бар экенин кабарлады.

Орусияда соңку ирет 2021-жылы октябрда Пермь шаарынын алдындагы Сарс кыштагында 12 жаштагы өспүрүм мектепке мергенчи куралы менен кирип келип, дубалга жана шыпка эки жолу аткан. Эч ким жабыркаган эмес. Өспүрүм кармалган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18