09:23, 26 сентября 2022, 24.kg

Ташиев Баткенде эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтса болорун айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы кол салуудан улам убактылуу жер которгон Баткен жана Лейлек районунун тургундарын үйлөрүнө кайта берүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал 25-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен жолугушуудан кийин айтты.

«Үйүнө кайтууга мүмкүнчүлүгү жокторго жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, машине издеп кыйналбаңыздар. Бүгүндөн баштап Кудай буюрса мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот», — деди Ташиев.

Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары 25-сентябрда Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолукту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы айрым чек ара постторун алып салуу, чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүштү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18