13:41, 23 сентября 2022, 24.kg

Ысык-Көлдө капиталдык курулуш башкармалыгы 14 миллион сом зыян келтирди

Ысык-Көл областук капиталдык курулуш башкармалыгында Сары-Ой айылындагы «А.» ден соолукту чыңдоо комплексине бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын мыйзамдуулугу текшерилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, башкармалыктын кызмат адамдары мыйзам талаптарын одоно бузуп «О.Т.С.» ачык акционердик коому тарабынан тапшырылган актыларда көрсөтүлгөн иштин көлөмүнүн аныктыгын текшербестен, акча каражаттарды төлөп жүрүшкөндүгү аныкталган. Ошондой эле, курулуш ишканасы тарабынан курулуш иштери толук аткарылбай, бюджеттик каражаттар мыйзамсыз которулуп берилип келген.

Жыйынтыгында, Ысык-Көл областтык капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 14 миллион 75 миң 533 сом зыян келтирген.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337 (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 210 (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 379 (документтердин жасалмасын жасоо) беренелери менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18