12:07, 23 сентября 2022, 24.kg

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш күрөшү расмий кирди

Түркиядагы IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана алыш күрөшү расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, улакчылар машыгуу жыйындарын толук өткөрүп, бүгүнкү күндө даяр турушат. Оюнчулар 2022-жылдын 28-сентябрында учушат.

Мындан сырткары, көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, таяк тартыш жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу катышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18