16:20, 22 сентября 2022, 24.kg

Бишкекте Дубайдан мыйзамсыз Iphone 14 PRO ташып келгендер кармалды

«Манас» бажысы Iphone 14 PRO маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери бажы контролун жүргүзүү учурунда Дубай — Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөрдүн арасында Россиянын М.Г.О. аттуу жаранын кармашкан. Ал Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.

Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 млн 116 миң 500 сомду түзгөн.

Белгиленгендей, материалдар каттоого алынып, КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилген.

Photo 274113

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18