09:39, 22 сентября 2022, 24.kg

Милиция кызматкерлери караокеде эс алып жаткан видеосу текшерилет

Социалдык тармактрадын колдонуучулары Бишкектеги караоке-клубда эс алып жаткан милиционерлердин видеосун талкуулашууда.

Видеонун автору кадрда Баткен облусундагы чек арада куралдуу кагылыш тутанып жаткан учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын жогорку кызматтагы офицерлери эс алып жатканы тартылган, деп ишендирүүдө.

«Ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы Мирлан Рыскелдиев менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Осмонбеков согуш учурунда ушинтип эс алып жүрүшөт. Ичип жана ырдап жүрүшөт», — деп жазды.

ИИМдин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине билдиргендей, видео фактысы боюнча текшерүү белгиленген, жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18