09:47, 21 сентября 2022, 24.kg

Террористтик уюмдардын материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды

Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР аймагына кирүүдө, Ош шаарынын аба майданынан Новосибирск — Ош авиакаттамы менен учуп келген, диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген Кыргызстандын Ж.М.П. аттуу жараны кармалды.

Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган.

Азыркы учурда кармалган жаран КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Photo 273916

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18