10:01, 20 сентября 2022, 24.kg

Камчыбек Ташиев: кыргызстандык төрт аскер кызматкери туткундан бошотулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта туткундалган кыргызстандык төрт аскер кызматкери бошотулуп, мекенине кайтарылды. Алар эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымдады.

«Барымтада турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Төртөө тең аман-эсен. Бирөөнүн бутунда бир аз жаракат бар экен. Азыр баарын ооруканага толук текшерүүгө алып кетти, эртең туугандарына өткөрүп беребиз», — деди Ташиев.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан 14-17-сентябрь күндөрү 40 аскер кызматкери курман болуп, 70тен ашууну түрдүү жаракат алган. Бир нече аскер кызматкери дайынсыз жоголгону кабарланган.

Кыргызстан 19-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында каза болгон жарандарын жоктоп, аза күттү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18