15:02, 18 сентября 2022, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч

18-сентябрь саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал тынч, турукташууга багыт алды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чек ара сызыгында эскалация аракети жана ок атуу байкалган жок. Тараптар ок атпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда.

Тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу багытында иштерди алып барууда.

Министрлер кабинетинин орун басары — КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кырдаалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоону улантууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18