12:37, 18 сентября 2022, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу. Баткенге 209 тонна гумжардам жеткирилди

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын жалпы 5 миң 301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 209 тонна гумжардам жеткирилип, анын 153 тоннасы жерине таркатылууда.

Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 162 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат, алар: Ош облусунда — 44, Жалал-Абад облусунда — 12, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 69, Талас облусунда — 17, Чүй облусунда — 12, Ош шаарында −1, Бишкек шаарында — 1 пункт ачылды.

Photo 273414

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18