09:19, 15 сентября 2022, 24.kg

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча макулдашууга кол коюлду

Самаркандда ШКУ саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргызстан президентинин администрациясы кабарлады.

Макулдашууга Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифэн кол койду.

Документте Кыргызстандын аймагындагы тилкеде Торугарт — Арпа — Макмал — Жалал-Абад каттамынын бириктирилген варианты боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин ийгиликтүү бүтүрүүгө биргелешип көмөк көрсөтүү каралган.

Техникалык-экономикалык негиздеме боюнча бардык иштер 2023-жылдын 1-июнуна чейин аяктоого тийиш.

Тараптар техникалык-экономикалык негиздеменин каржылоосун үч тараптуу келишимдин негизинде бирдей үлүштө бөлүштүрүүгө ниеттенишүүдө.

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу — үч өлкөнүн темир жолдорун жана андан ары карай Перс булуңундагы мамлекеттерди, Түркияны Европа темир жол тармагы менен туташтыруу үчүн долбоорлонгон магистраль. Аны куруу долбоору көптөгөн жылдардан бери талкууланып келе жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18