11:36, 14 сентября 2022, 24.kg

Ысык-Атада уулун ѳлтүрүп, короого кѳмүп койгон жаран кармалды

Ысык-Атада уулун ѳлтүрүп, короого кѳмүп койгон жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сентябрында Ысык-Ата РИИБине Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылуусунда ушул жылдын 8 сентябрь күнү жолдошу 1987-жылы туулган И.Р. үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Чүй облусунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан И.Р. аттуу жаран Ысык-Ата районунун аймагындагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болуп, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.

Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы 1963-жылы туулган И.А. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдын жана ата-баланын өз ара урушунун негизинде жасалганы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18