17:03, 13 сентября 2022, 24.kg

Нур-Султан шаарын кайра Астана деп өзгөртүү демилгесин Токаев колдоду

12-сентябрь күнү кечинде Казакстандын конституциялык кеңеши өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевден өтүнүч келип түшкөнүн кабарлады.

«Конституциялык кеңеш Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин парламент депутаттарынын сунушуна байланыштуу даярдалган «Казакстан республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун Казакстан Конституциясынын 91-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарга шайкештигин кароо тууралуу өтүнүчү өндүрүшкө алынды», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин өтүнүчү Конституициялык кеңештин жыйынында каралып, чечим расмий басылмаларга жарыяланат.

Казакстан Конституциясынын 91-беренесинин 2-бөлүгүндө мамлекеттин көз карандысыздыгы, унитардыгы жана аймактык бүтүндүгү, башкаруу формасы, республиканын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери өзөрүүсүз болуп эсептелери жазылган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 1-сентябрда парламентте элге кайрылуу кылып, быйыл күзүндө кезексиз президенттик шайлоо өтөрүн жарыялаган. Ал президентти жети жылга бир гана мөөнөткө шайлоо боюнча да сунуш берген.

Кийинки күнү мажилистин бир катар депутаттары Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Алар азыркы президент Касым-Жомарт Токаевди дагы жети жылга шайлап, Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүүнү демилгелешкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18