13:22, 13 сентября 2022, 24.kg

Садыр Жапаров Чек ара кызматынын пилотсуз учактар базасын ачты

Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пилотсуз учактар базасын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сѳз кызматы билдирди.

Базанын ачылышы тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров ал чек араларды кайтарууда Куралдуу күчтөрүнүн жер үстүндөгү күчтөрү менен аскер бөлүкчөлөрүн абадан коргоо боюнча негизги милдеттерди аткарарын белгиледи.

«Мен ар дайым айтып келем — Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Биздин куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүүгө болгон аракеттерибиз коргонууга гана багытталаарын баса белгилеп кетейин. Биздин чек арабыз ишенимдүү колдо! Элибиздин ишеничи менен үмүтү сиздерге мындан ары дагы чоң-чоң ийгиликтерди жаратууга дем болуп, күч-кубат берет деп ойлойм», — деп билдирди ал.

Садыр Жапаров базанын инфраструктурасы жана мамлекеттик чек араны коргоодо сокку уруучу учкучсуз учактарды колдонуу менен күжүрмөн күзөттүн уюштурулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, «Байрактар» учкучсуз аппараттарын тийиштүү окууларды өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарышат. Бул мамлекеттик чек араны абада кайтарууга алган офицер-чек арачылардын алдыңкы тобу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18