12:45, 13 сентября 2022, 24.kg

Кытай Ооганстанга товарларын Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу алып өтөт

Ташкентте Кытайдан Ооганстанга жүк ташууну тездетүү боюнча төрт тараптуу жолугушуу өттү.

«Өзбекстан темир жолдору» акционердик коому демилгелеген жыйынга Ооганстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Кытайдын эл аралык логистикалык компаниялары катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кооперациялык мамилелерди бекемдөө, азыркы мүмкүндүктөрдү кеңейтүү, тараптардын логистикалык инфраструктурасын модернизациялоо, Кытайдагы Кашгар станциясынан Ооганстандагы Хайратон станциясына жүк ташууну тездетүү маселелери талкууланды.

Ооганстан жумушчу топтун бардык чечимдерин колдоду. Жолугушуунун жыйынтыгында төрт тараптуу протоколго кол коюлду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18