11:38, 13 сентября 2022, 24.kg

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата эки кылмыш иши козголду

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-жылдары Бекмурзаев, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия, Өзбекстан жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары, министр кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, «Теплые ключи» ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКга жалпысынан 15 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Натыйжада, энергетика министринин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18