09:56, 13 сентября 2022, 24.kg

Маданият министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон кеңешмеде мМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов маалымдагандай, ѳкмѳт башчысынын буйругуна ылайык, Түмөнбай Колдошев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.

Эдил Байсалов министрликтеги эскирген иш ыкмаларын жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелердин, идеялардын жоктугун сынга алды.

«Мен кесиптештеримди президент тарабынан ведомствонун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырат элем», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18