14:28, 12 сентября 2022, 24.kg

Бишкектеги үйлөрдүн бирин ата мекендик өндүрүштүн лифти тейлейт

Шаардын «Юг-2» кичирайонунда, № 8 имаратта пилоттук долбоор катары жаңы лифт орнотулду. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сѳз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, лифт өндүрүүчүлөрдөн түшкөн коммерциялык сунуштарды иликтеп чыгып, ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн «Кыргыз унаа курулуш» ишканасын тандоо чечимине келген.

Айтмакчы, бул компаниянын лифттеринин баасы башкалардыкына салыштырмалуу арзан.

Photo 272543

Эски көтөргүчтү демонтаждоо жана жаңысын орнотуу, ошондой эле «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерин окутууну компаниянын өз каражатынын эсебинен жүргүзүлгөн.

Жүргүнчү лифт 8 аялдаманы түзөт, жүк ташуу көлөмү 320-450 кг. Азыр лифт ишке киргизүү стадиясында турат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18