13:09, 12 сентября 2022, 24.kg

Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы май иштетүүчү заводго барды

Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө май иштетүүчү заводуна барды. Бул тууралуу президенттин басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына заводдун май чыгаруу боюнча ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, ишкананын үстүбүздөгү жылдагы жыйынтыгы жөнүндө айтылды.

Май иштетүүчү завод көп жылдан бери токтоп турган. 2021-жылдын күзүндө ишкананы оңдоо жана калыбына келтирүү башталган. Үстүбүздөгү жылдын мартында завод өз ишин баштаган. 2022-жылдын мартынан сентябрга чейин 900 тонна суу май өндүрүлгөн. Майды өндүрүүдө чет өлкөлүк чийки затты колдонулат.

Бүгүнкү күндө завод өзүнүн кубаттуулугунун 40 пайызын гана колдонот. Ошондой эле, компания пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүнү пландап жатат.

Маалымат уккан соң президент өсүмдүк майын өндүрүүдө жергиликтүү сырьену колдонуу, заводду модернизациялоо жана өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду.

Photo 272526

Садыр Жапаров май иштетүүчү завод жогорку экспорттук потенциалга ээ экенин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга компаниянын өкүлдөрүнө ишкананын иши жана аны модернизациялоо маселесинде жардам көрсөтүү тапшырмасын берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18