10:59, 12 сентября 2022, 24.kg

Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы өтмөккѳ шамдар орнотулду

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тышкы жарыктандыруу тармактарына реконструкция иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, адаттагыдан тышкары жарыктандыруу үчүн 1600 метр узундуктагы кабелдик каналдар, 800 метр неон лента жана ушундай эле өлчөмдөгү ВВГ зым колдонулган. Ошондой эле 68 дубал чырагы, 50 сигналдык чырак жана 14 прожектор орнотулган.

Photo 272484

Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18