16:49, 09 сентября 2022, 24.kg

Carcheck системасы аркылуу унаа салыгын төлөө фактысын текшерүүгө болот

Унаа каражатына салык төлөө боюнча маалымат базасын электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын Carcheck сервиси менен интеграциялоону пландаштырууда. Бул тууралуу мекеменин басма сѳз кызматы билдирди.

Маалымтка ылайык, учурда Салык кызматы салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну демилгелөөдө.

Carcheck системасы аркылуу жарандар унаа каражатына салык төлөнгөндүгү же төлөнбөгөндүгү боюнча маалымат ала алышат.

Салык кызматы унаа салыгын төлөө боюнча текшерүү функциясын киргизүү менен жарандык контроль күчөтүлүп, ошону менен бирге салык төлөбөгөндөрдүн саны азаярына ишенет. Дагы бир оң натыйжа — унаа каражатынын ээлеринин салык сабаттуулугу жана салык милдеттенмелери жөнүндө маалымдуулугу жогорулайт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18