11:44, 08 сентября 2022, 24.kg

Ноокенде 28 жаштагы Динара Камилова дайынсыз жоголду

Ноокен районунда 28 жаштагы Динара Камилова изделүүдө, деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, Сакалды айылынын тургуну 1994-жылы туулган Каримова Динара Мырзамамитовна 19-августта саат 12:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Милициядан билдиргендей, учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 160-165 см, ак жуумал, чачы кара, кыска.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү гүлдөрү бар ак көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим.

«Дайынсыз болуп жаткан Каримова Динара Мырзамамитовна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Байланыш номерлери: 102, (03734) 5 05 44, 0755 66 62 88», — деп айтылат билдирүүдө.

Photo 272150

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18