11:37, 08 сентября 2022, 24.kg

Ысык-Кѳлдѳгү пансионаттын бири саркынды сууларын кѳлгѳ агызып жатканы аныкталды

Ысык-Кѳл райондук прокуратурасы тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган «Пансионаттын канализациясынан саркынды суулар Ысык-Көлгө агып жатат» деген аталыштагы макала боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бапшкы прокуратуранын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Л.Б. пансионатынын тазалоочу курулуштары экологиялык, санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарын бузуу менен иштетилип жаткандыгы аныкталды.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 298-беренеси («Иштерди жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу») менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18