18:31, 07 сентября 2022, 24.kg

УКМК. Улут аралык кастыкты козуткан макалаларды жарыялаган жаран кармалды

Улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөдө жүргөндө «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган Кыргыз Республикасынын жараны Эмил Бекиев аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Бекиевге карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында Эмил Бекиев Россия Федерациясынын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган.

Ушул жылдын 7-сентябрында жаран Бекиев КР КК 330 беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18