24.kg
13:43, 07 сентября 2022, 24.kg

Бишкек — Ош унаа жолундагы туннелдерден өтүү үчүн акы алынат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек — Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу унаалардын өтүүсү үчүн акы алууну пландоодо.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Төлөм Бишкек — Ош унаа жолдорундагы туннелдерди талаптагыдай тейлөө жана эксплуатациялоо үчүн киргизилет. Каражат автоматташтырылган система же өткөрүү пунктары аркылуу алынышы мүмкүн.

  • жеңил унаалар үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 50 сом, чет элдик номерлүү унааларга $5;
  • кКичиавтобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 100 сом, чет элдик номерлүү унааларга $10;
  • 22 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (3 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 150 сом, чет элдик номерлүү унааларга $20;
  • 22ден 32 орундуу автобус жана жүк ташуучу унаа (10 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 300 сом, чет элдик номерлүү унааларга $40;
  • 32 орундан жогорку автобус жана жүк ташуучу унаа (25 тоннага чейин жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 350 сом, чет элдик номерлүү унааларга $60;
  • Жүк ташуучу унаа (25 тоннадан жогору жүктү көтөрө алгандар) үчүн: кыргыз номерлүү унааларга 400 сом, чет элдик номерлүү унааларга $80 (болжол менен 6 миң 600 сом).
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18