24.kg
12:33, 02 сентября 2022, 24.kg

Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө пункту убактылуу жабылды

Кыргыз-казак чек арасында 3 өткөрүү пунтунда убактылуу чектөө коюлат. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адамдарды, унааларды жана жүктөрдү өткөрүүнү убактылуу токтотуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу.

Ошентип, өткөрүү төмөнкү убактарда токтотулат:

  • 11:00дөн 13:00гө чейин «Ак-Тилек- унаа жолу» пункту;
  • 14:00дөн 16:00гө чейин «Кең-Булуң-унаа жолу» пункту;
  • 17:00дөн 20:00гө чейин «Токмок-унаа жолу» өткөрүү пункту.

Белгиленгендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштейт:

  • Чүй облусундагы — «Токмок-унаа жолу», «Кең-Булуң-автодорожный», «Ак-Жол-унаа жолу» жана «Чалдыбар-унаа жолу»;
  • Талас облусунда— «Чоң-Капка-унаа жолу».
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18