24.kg
13:26, 29 августа 2022, 24.kg

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар топтору барат

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан көк бөрү жана көкпар (жер улак) боюнча эки курама команда катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки курама команда учурда Чолпон-Атада машыгууларын өткөрүүдө.

«Түркиядагы мелдешке көк бөрү боюнча курама команда кызыл түстө, көкпар боюнча курама команда көк түстөгү формада күчүн сынайт. Жакынкы аралыкта улакчыларга экинчи формасы берилет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Түркиянын Изник шаарында өтөт. Улакчылар Түркияга мелдешке 10 күн калганда барат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18