24.kg
11:51, 29 августа 2022, 24.kg

Кыргызстан Анкарадагы эл аралык маданият жана искусство фестивалына катышууда

2022-жылдын 26-августунан 6-сентябрына чейин Анкара шаарында Этимесгут муниципалитети тарабынан уюштурулган «Анадолу күндөрү» аттуу эл аралык маданият жана искусство фестивалына өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, фестивалга катышуу үчүн, элчилик Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кооз жаратылышын чагылдырган фотосүрөттөр, «Манас» эпосунан фотокомпозициялар, элибиздин салттуу турмушун чагылдырган түрдүү буюмдар жана улуттук тамак-аштар коюлган көргөзмө павильонун ачты.

Ошондой эле, Анкарада жашаган мекендештер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда маданий программа даярдалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18