24.kg
09:45, 24 августа 2022, 24.kg

Тажикстанга жарым жылда 480 мигранттын сөөгү жеткирилди

Быйыл жарым жылда четте, негизинен Орусияда иштеп жүргөн 480 тажик жараны кайтыш болду.

Бул тууралуу Тажикстандын Миграция кызматы билдирди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 149га көп.

Өлүмгө оору, коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, кырсык, киши өлтүрүү жана башка учурлар себеп болгон.

Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министри Ширин Амонзода быйыл февралда мигранттардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөтүлөрүн билдирген. Бул арада мигранттар диаспора өз алдынча акча чогултуп, сөөктөрдү Тажикстанга жөннөтүп жатканын айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18