24.kg
10:12, 22 августа 2022, 24.kg

АКШ Украинага 775 млн. долларлык аскердик жардам жөнөтөт

АКШ Украинага жаңы аскердик жардам пакетин жөнөтөрүн Пентагондун өкүлү маалымдады. Жардам пакетинин жалпы суммасы 775 млн. долларды түзөт.

Курал-жарактардан 105 миллиметрлик 16 гаубица, 15 Scan Eagle чалгын дрону, 40 чопкутталган техника жана танкага каршы «Жавелин» комплекси ок-дарылары менен берилет. Ушуну менен АКШ Орусия басып киргенден бери Украинага 10,6 млрд. доллар аскердик жардам берди.

Орусия Украинага согуш ачкан 24-февралдан бери орус армиясы Донецк, Луганск, Херсон облустарынын айрым аймактарын жана Запорожьяны басып алды. Учурда эксперттер согуштун жүрүшүн «тыныгуу» деп атап, эки тараптын тең чабуул жасоого ресурстары чектелүү деп баалап жатышат. Орусия батыш өлкөлөрүн Украинага курал берүүдө деп сындап, кырдаалдын курчуп кетишин эскертүүдө.

Батыш, АКШ жана анын өнөктөш өлкөлөрү Орусиянын Украинага басып киргенин сындап, бир катар экономикалык санкцияларды салууда.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18