24.kg
12:32, 17 августа 2022, 24.kg

Блогер Ырыс Жекшеналиев эки айга тергөө абагына камалды

Фейсбук колдонуучусу Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камакка алуу чечими кабыл алынды. Ал Бишкектеги № 1 тергөө абагына камалды.

Эскерте кетсек, «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголуп, анын админстратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин тергөө кызматына чакырылган.

«Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоого багытталгандыгы байкалат.

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандык») 3-пунктуна («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш иши козголгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18