24.kg
17:10, 16 августа 2022, 24.kg

Намаганда үй-бүлө дарбызга ууланып, экөө каза болду

Наманган облусунун Нарын районунда бир үй-бүлө дарбызга ууланып, экөө каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-августта түгөйлөр эки баласы жана эки небереси менен эки күн мурун фермердик базардан сатып алган дарбызга ууланышкан. Жыйынтыгында жубайлар батирде көз жумган. Калгандары райондук ооруканага жаткырылган.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, дарбыз жегенден кийин жубайлардын өпкөсү көөп, жүрөгү кармап, дем жетпей, көз жумушкан.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18