24.kg
10:41, 15 августа 2022, 24.kg

Садыр Жапаров Жетим-Тоого байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоонун айланасындагы талаш-талкууга байланыштуу элге кайрылуу жолдоп, ал жердеги кенди колдонууга каршы чыккандарды сындады. Ал жарандарды «Жетим-Тоону берип атышат деп калп сүйлөбөөгө» чакырып, тийиштүү органдарды жалган маалымат тараткандарды тартипке чакырууга үндөдү.

Мамлекет башчынын текст түрүндөгү кайрылуусу 14-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо «Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет» деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок», — деп белгилеген Жапаров «бүгүн эле Жетим-Тоону иштетип жиберүүгө даярдык жоктугун, геологиялык иштер жүргүзүлүп, запасын тактоо буйругу берилгенин» кошумчалады. Ал кенди Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбей турганын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18