24.kg
09:35, 15 августа 2022, 24.kg

Бишкек — Балыкчы поезд каттамы жанданат

15-августтан тарта Бишкек-Балыкчы-Бишкек багытында поезд каттамы жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Поезд борбордон саат 7:40та чыгып, Балыкчыга түшкө жакын жетет. Кечинде ал жактан Бишкекке кайтат.

Боом капчыгайында 30-июлдагы селден улам аталган каттам убактылуу токтотулган. Билет сатып алып, бирок өзгөчө кырдаалдан улам сапарга чыга албай калгандар «Бишкек-2» станциясынын кассасынан билеттеринин датасын алмаштырса болот.

Жөнөкөй вагондордо билет баасы чоңдор үчүн 150 сом, балдарга 73 сом. Люкс вагондордун акысы чоңдорго жана 10 жаштан улуу балдарга 500 сом, 10 жашка чейинкилерге 250 сом.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18