24.kg
09:31, 12 августа 2022, 24.kg

Калктын акчалай кирешеси 2022-жылдын үч айында 5 пайызга өстү

Кыргызстанын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында 149,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалы комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Photo 269628

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын I кварталында керектүү бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешелеринин көлөмү 133,5 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 5,2 пайызга көбөйдү.

Photo 269627

«Милдеттүү төлөмдөрдү жана мүчөлүк салымдарды чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын киши башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери 2022-жылдын I кварталында айына 7 420,1 сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 15,5 пайызга өстү. Кирешенин эң чоң үлүшү (66 пайызды) жумуш менен камсыз болгон кирешеден түшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18