24.kg
20:27, 11 августа 2022, 24.kg

Кызыл-Кыяда мурдагы аялын зордуктап, сабаган жаран кармалды

Кызыл-Кыяда мурдагы аялын зордуктап, денесине жарат келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун тургуну 33 жаштагы Б.А. Кызыл-Кыя шаардык милициясына кайрылып, ушул жылдын 21-июлда ажырашкан күйөөсү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. талаага коркутуп алып барып, ыплас жолдор менен зордуктап, уруп денесине жараат келтирип, Ноокат районунун Көк-Жар айылына чейин жөө алып барганын билдирген.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») менен каттаго алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Photo 269619

Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ноокат районунун тургуну 35 жаштагы Б.К. Ысык-Көл облусунда качып жүргөн жеринен аныкталып, 2022-жылдын 9-август күнү кармалып, Кызыл-Кыя ШИИБне алынып келинди.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18