24.kg
19:13, 11 августа 2022, 24.kg

Ислам шериктештиги оюндары: Тыныбекова жана Акматалиев финалга чыкты

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев финалга чыкты.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Айсулуу Тыныбекова казакстандык Ирина Кузнецованы жана сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды. Тыныбекова финалда гвинеялык Камара Йарие менен күрөшөт.

Ал эми эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев үч атаандашын утуп, финалга жолдомо алды. Алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңди. Алдыда финалда ирандык Абоузарипаш менен беттешет.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:30да башталат.
V Ислам Шериктештиги Оюндары 9-августта расмий ачылды. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18