24.kg
12:24, 11 августа 2022, 24.kg

Кыргызстан Японияга 400 тонна бал экспорттойт

Кыргызстан Японияга 400 тонна бал экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келишим Sojitz соода компаниясынын катышуусу менен Japan style жана Yamada Bee Company Group ортосунда түзүлдү.

«Ишканалардын келишимдерине ылайык, аталган көлөмдөгү бал бир нече этап менен Японияга жеткирилет. Биринчи 20 тонналык контейнер жакынкы аралыкта экспорттолот», — деп билдирет министрлик.

Расмий маалыматка ылайык, ата мекендик продукцияларды жана товарларды чет өлкөлөргө жылдыруу максатында 2021-жылы Японияга 25 390 млн сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон (2018-жылы 8,3 тонна, 2019-жылы 13,4 тонна, 2020-жылы 15,7 тонна).

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18