24.kg
16:06, 10 августа 2022, 24.kg

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт

2022-жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Акылбек Жапаров төрагалык кылат.

Иш-чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы, ошондой эле чакырылган мамлекеттердин өкмөт башчылары катышат. Жыйындын күн тартибинде интеграциялык бирикме үчүн жалпы газ рыногун түзүү, өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу, Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү маселелери бар.

Мындан тышкары, форумдун алкагында бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылдын 25-26-августунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын биринчи форуму өтөт, ага КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 200дөн ашык адам катышат.

ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаш активисттеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана жаш дипломаттарынын башын бириктирген форум Биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан муундун социалдык жана профессионалдык жактан ар тараптуу жетилүүсүнө багытталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18