24.kg
16:02, 10 августа 2022, 24.kg

Ош шаарынын орус тилдүү мектептерде мугалим жетишпейт

Бул тууралуу Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Жумамидин Сулайманкулов билдирди. Анын айтымында, Ош шаарында орус тилдүү мектептерде 188 адистин орду бош турат.

«Башталгыч класстар үчүн 47 мугалим, орус тили жана адабияты сабагынан 36 мугалим, математикадан 22 мугалим, физикадан 15 мугалим, географиядан 14 мугалим, англис тилинен он мугалим, тарыхтан он мугалим, дене тарбиядан он мугалим, химиядан сегиз, музыкадан дагы сегиз мугалим керек болуп жатат», — деди ал.

Сулайманкуловдун билдирүүсүндө, шаарда орус тилин билген окутуучулар бош орундар үчүн арыз толтурбай жатат. Ал эми кыргыз тилдүү мектептерде мугалимдер жетиштүү, күн сайын бош орун издеп келгендер көп болууда.

Ош шаарында 54 мектеп бар, анда 82 миңден ашуун окуучу билим алат, 3277 мугалим иштейт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18