24.kg
16:17, 09 августа 2022, 24.kg

Чолпон-Атада кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат.

«Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз», — деди Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн Ысык-Көлдөгү жолугушуусу 17-августка чейин уланат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 пайызы), андан бери 13 пайызы жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Андан бери эки тарап чек араны тактоо боюнча утур-утур жолугушууларды өткөрүп келүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18