24.kg
14:55, 08 августа 2022, 24.kg

COVID-19. Кыргызстанга Pfizer вакцинасы келди

7-августта Кыргызстанга COVAX механизминин алкагында Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы 100 миң 620 вакцинасы келди. Бул тууралуу Иммундук алдын алуу республикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

«Pfizer-BioNTech компаниясынын COVID-19га каршы вакциналарынын күтүлгөн дозасы Кыргызстанга келди, бирок белгисиз себептер боюнча вакциналар эриткичи жок келген. Учурда себебин аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз калкка жардам көрсөтүү үчүн бардыгын жасап жатабыз. Кыргызстандын аймагынан тышкары чыгып жаткандардын бардыгы жана билетин алып алгандар (0703) 126 442 телефон номерине чалып, эмдөөдөн өтүү боюнча консультация ала алышат. Калган жарандардан түзүлгөн кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз», — деди Ишенапысова.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18