24.kg
17:10, 05 августа 2022, 24.kg

Азимбек Бекназаров кызматынан алынды

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Азимбек Бекназаров алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара алган эмес.

Белгилей кетсек, эки күн мурда Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиага берген маегинде бийликтин «Центарра» менен чечимин сынга алган. Ал Кыргызстандын «Центеррага» экологиялык доосунан баш тартып жатканын туура эмес кадам катары баалады.

«Эң аянычтуусу, «уттук» деп жаткан жаңы келишим менен, «Кумтөр» алтын кениндеги «коррупцияны жана коррупционерлерди» өздөрүнүн колу менен легалдаштырып, чекит коюлганы болуп жатат», — деген Азимбек Бекназаров.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18