24.kg
09:13, 05 августа 2022, 24.kg

Тажикстан Орусияга пияз экспорттоого тыюу салды

Тажикстан өлкөнүн өзүндө кымбаттап кеткенине байланыштуу Орусияга пияз экспорттоого тыюу салды.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкө сыртка 66 тонна пияз экспорттоду. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миң тоннага аз.

Пиязды экспорттоого июлдун аягында эле тыюу салынганы менен азырынча анын базардагы баасы өзгөрө элек. Былтыр ушул маалда пияз Тажикстанда 1,5-3 сомониден сатылса, бүгүнкү күндө анын баасы 5-7 сомониге чейин жетип жатат.

Дыйкандар пияздын кымбатташы негизинен жер семирткичтердин жана күйүүчү майдын баасына байланыштуу экенин билдирүүдө. Алардын айтымында, быйыл пияз аянттары да азайып, аба ырайы да жакшы болгон жок.

Жакында эле Бириккен Улуттар Уюму Тажикстандагы айрым азык-түлүк жана жашылча-жемиш түрлөрүнүн баасы боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, былтыркы баага салыштырганда быйыл пияз өлкөдө 192% кымбаттаган.

Тажикстандагы негизги азык-түлүк түрлөрүнүн баасына көзөмөл кылган «Точикматлубот» мекемеси өлкөдө пияздын баасы кышка жакын, анын экинчи түшүмү жыйналгандан кийин төмөндөшү мүмкүн экенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18