24.kg
09:16, 03 августа 2022, 24.kg

Өзбекстанда 16 жаштагы өспүрүм өз апасын өлтүрдү

Ташкент облусунда 16 жаштагы өспүрүм тааныштары менен бирге өз апасын өлтүрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 31-июль күнү кечинде саат 9дарда болгон. Мекемеден адам өлтүрүү фактысы кайсыл райондо катталганын так билдиришкен жок.

Тергөөнүн версиясы боюнча өспүрүм мындай кадамга үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам барган. Бул үчүн ал тааныштарынан жардам сурап, алар менен бирге апасын өлтүргөндөн кийин сөөгүн үйдүн жер төлөөсүнө көмүп коюшкан.

Шектүүлөр кармалып, бул факты боюнча «Атайылап адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18