24.kg
16:06, 01 августа 2022, 24.kg

Кадамжайда тойдо 58 адам тамакка ууланды

Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөн тойдон кийин коноктор жапырт тамакка ууланышты.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, алардын алтоо ооруканага жаткырылды, анын ичинен эки бала реанимацияда орто оор абалда дарыланууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча тойго 250 киши катышкан, анын 58и ууланганы аныкталды. Балдар Кадамжайдагы жалпы дарылоо борборунда жатышат. Алгач 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен.

"Сурамжылоо маалында тойго баргандар камыры бар суюк тамактан бир жытты сезишкенин, андан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмө-жемиш жешкенин айткан",- деп жазылган маалыматта.

Азыр анализдер такталып, кафе текшерилип жатат. Уулангандардын саны такталууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18