24.kg
09:43, 01 августа 2022, 24.kg

Украин бийлиги Донбасстын тургундарын эвакуациялайт

Украинанын өкмөтү жылытуу мезгили башталганга чейин Донецк облусунун оккупацияланбаган аймактарынын тургундарын милдеттүү түрдө эвакуациялайт. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди.

Анын айтымында, аймактын Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүндө газ түтүктөрү талкалангандыктан, кышында жылуулук берилбейт.

«Донецк облусунан кеминде 200 миң адамды эвакуациялоо пландалып жатат. Жашоочулар эвакуациялоодон жазуу жүзүндө баш тарта алышат, алар бардык кесепеттерди билишет жана өз өмүрлөрү үчүн жеке жоопкерчилик тартат», — деди Верещук.

Вице-премьер-министрдин айтымында, тургундары көчүрүлө турган кийинки аймак Запорожье облусу болушу мүмкүн. Бул облустагы жашоочулардын 65% газ жок.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18