24.kg
17:10, 29 июля 2022, 24.kg

«Ош ТВ» телерадиокомпаниясы Ош шаарынын мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилди

«Ош ТВ» телерадиокомпаниясынын 100 пайыз мамлекеттин үлүшү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим шаардын көйгөйлөрүн, муниципалдык кызматтардын ишин, карапайым шаардыктардын турмушун чагылдыруучу телеканал катары «Ош ТВ» телерадиокомпаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомун мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилесек, Жалал-Абад шаардык соттун 2011-жылдын 28-октябрындагы чечимине ылайык «Ош ТВ» телерадиокомпаниясы жоопкерчилиги чектелген коому мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду мындан ары телерадиокомпаниянын ыйгарым укуктуу жалгыз уюмдаштыруучусу болуп саналат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18